Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:42

Таласта жаңы акимдерге нааразылар митинг өткөрөт


Бул тууралуу “Азаттыкка” Таластын Өзгөрүш айылынын тургундары кабарлашты. Айыл жашоочусу Анарбек Рыскулбековдун айтымында, Манас, Кара-Буура, Бакай-Ата районунда аким шайлоодо үч райондо тең “Республика” партиясынан көрсөтүлгөн талапкерлер жеңип чыкты. "Эртең Талас районунда өтчү шайлоодо да аталган партиянын атынан талапкер болгон аким шайланаары азыртан айтыла баштады", - дейт Рыскулбеков.

Акимдерди шайлоодо өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов жана “Республика” партиясынын депутаттары кийлигишүүдө деп нааразы болгондор эртең 6-февралда Таластын облакимчилигинин алдына митингге чыгышат. Бирок "республикачы" депутат Нурбек Алимбеков мындай нааразычылык негизсиз экенин айтып, акимдерди райондук кеңештин депутаттары шайлап жатканын, ага партия тарабынан кийлигишүү болбогонун ырастады. (JAk)

XS
SM
MD
LG