Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:31

Европада 175 кишини аяз алды


Европада кыш оор болууда. Британиянын ортолук жана батыш аймактарына калың кар жаады. Сампарлаган карга байланыштуу Лондондун Хитроу аэропорту жекшемби күнү авиарейстердин 30 процентин токтотту. Италиянын түндүгүндөгү кан жолдор өтчү Флоренция жерине кар көп түшкөндүктөн, ишемби күнү көпчүлүк поезддер жүрбөдү же убактылуу токтоду. Украинада 30 градуска жеткен суук 21 адамдын өмүрүн алды. Тоңуп өлгөндөрдүн көпчүлүгү селсаяктар экени маалымдалды.

XS
SM
MD
LG