Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:07

Кыргызстанда жер титиреди


Бүгүн түшкү саат бирден 10 мүнөт өткөндө Нарын облусунун Жумгал районунун аймагында жер титирөө катталды. Сиклинүүнүн очогу Миң-Куш шаарчасынан 25 чакырым түштүк-чыгыш тараптагы Молдо-Тоо деген тоодо болгону аныкталып, бул жерде анын күчү 6 баллга жетти. Миң-Куш шаарчасында 5, Нарын шаарында 3 баллдык жер титирөө байкалды. Алдын-ала маалыматтарга караганда, кыйроолор жана жапа чегүүлөр жок. Бул тууралуу "Азаттыкка" өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

XS
SM
MD
LG