Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:53

Клинтон: Россия менен Кытайдын ветосу - "комедия"


АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон БУУнун Коопсуздук кеңешинин Сирия боюнча резолюциясына вето койгон Россия менен Кытайдын иш-аракеттерин “комедия” деп атады. Араб Лигасы сунуш кылган долбоор президент Башар Асадды кызматынан кетүүгө үндөйт. Вашингтон президент Асаддын каршылаштарын колдоо иретинде “демократиялык Сириянын достору” менен бирге аракет көрөт, - деп белгилеп, Клинтон Сириядагы кан төгүүнү токтотуу үчүн чаралар күчөтүлүүгө тийиш деп айтты.
Британ тышкы иштер министри Уильям Хейг Москва менен Бээжин эл аралык коомчулук алдында өздөрүнө чоң жоопкерчилик алып, араб өлкөлөрүнө карата достукка жатпаган кадам жасашты деп сындады.
Россия болсо резолюция долбоорун араб өлкөлөрү эмес Батыш иштеп чыкканына басым жасоодо.
Араб Лигасынын баш катчысы Набил Элараби араб мамлекеттери Сириядагы кризисти жөнгө салууга багытталган аракеттерин токтотушпайт деп билдирди.
Иорданиядагы Мусулман агайындары уюмунун лидери жалпы мусулмандарды, арабдарды Россия менен Кытайда жасалган товарларды бойкоттоого үндөдү.
Хаммам Саид эки өлкөнүн ветосун арабдар менен мусулмандарга каршы чабуул катары мүнөздөп, алар “Сирия элин өлтүрүүгө катышууда” деди.

XS
SM
MD
LG