Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:32

Каирде кагылышуулар уланды


Каирде 4-күн катары менен демонстранттар менен полиция кагылышты. Жүздөгөн тартип коргоочулар ички иштер министрлигине алып барган жолду торошту. Демонстрациялар шаршембиде Порт Саид шаарындагы тополоңдо 74 киши набыт кеткенден кийин тутанган. Стадиондогу полиция мушташты токтотуу үчүн аракет көргөн эмес. Жана бийликтеги аскерлер кеңеши башкарууну жарандык өкмөткө өткөрүп бербөө үчүн башаламандыкка кызыкдар деген ой кеңири тараган. Ошондон бери Каир жана Суэц шаарларында өткөн нааразылык чыгууларында бери дегенде 12 киши мерт болду. Өткөн апта президент Хосни Мубарак кулатылгандан кийинки козголоңдон бери эң кандуу күндөр болуп калды.

XS
SM
MD
LG