Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:50

Саули Нийнисте Финляндиянын президенти болуп шайланды


Финляндиянын жаңы президенти болуп парламенттин мурдагы спикери Саули Нийнисте шайланды. Алдын ала санактарга ылайык, шайлоонун экинчи айлампасында ага шайлоочулардын 65 проценти добуш берген. Атаандашы, “жашылдар” партиясынын талапкери Пекка Хаависто 35 процент добуш алды.

Нийнисте 63 жашта, кесиби боюнча юрист. Саясатка 30 жылдан бери аралашып келатат. Спикерликтен тышкары финансы министрлигин жетектеген. 2006-жылы мамлекет башчылыкка аттанып, бирок 2-турда Тарье Халоненге уттуруп койгон. Финляндияда президенттин ыйгарымдары чектелгени менен коомдук пикирге чоң таасир этет.

XS
SM
MD
LG