Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:34

Иран ыктымал соккуга байланыштуу эскертүү жасады


Иран өз аймагына кайсы өлкөдөн сокку урулса, ошол өлкөгө чабуул коюуга даяр. Фарс агенттиги Революция сакчыларынын командачысы генерал Хусейн Саламиге шилтеме жасап кабарлаганына караганда, “ислам жумуриятынын душмандары” өз соккулары үчүн кайсы өлкөнү пайдаланса, Иран аны бутага алат. АКШ жана Израил Ирандын атомдук программасы боюнча тирешүүнү чечүү үчүн дипломатиялык аракеттерден майнап чыкпаса, аскерий операция мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарышпаарын айтышкан. Тегеран өлкөнүн атомдук программасы курал жасоону эмес, тынчтык максаттарын көздөөрүн кайталап келатат.

XS
SM
MD
LG