Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:26

ТИМде Памир кыргыздары жөнүндө сөз болду


Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жана Ооганстандын Кыргызстандагы элчиси Нур Мохаммад Каркин Бишкекте эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу ТИМ маалымат кызматы билдирет. Элчи памирлик кыргыздар маселесине токтолуп, аларга медициналык камсыздоо, мектеп куруп берүү, документ алуу жагынан жардам керек болуп жатканын айтты. Министрдин пикиринде, бул багытта эки тараптуу иштеле турган атайын план түзүү керек. Ооганстандын Кичи жана Чоң Памиринде отурукташкан кыргыздардын болжолдуу саны 2 миңдей киши экени айтылып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG