Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:34

Жарандык коом Бишкек жана Ош жөнүндөгү мыйзамды талкуулайт


"Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясы эртең, 7-февралда "Бишкек жана Ош жөнүндөгү" жаңы мыйзам долбоорун талкуулайт. Ага жарандык коом өкүлдөрү, Бишкектин жана Оштун шаар депутаттары, Жогорку Кеңештин, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана эл аралык эксперттер чакырылган. Мыйзам долбоору учурда парламенттин талкуусунда. Анын автору, "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин айтымында, Оштун территориясын тактап, аныкташ керек, Бишкектин жана Оштун мэрлерин шайлоо процессине өкмөт башчысы катыша ала тургандай кылуу керек. Баш мыйзам боюнча, аталган эки шаар борбордук деген макамга ээ. (RK)

XS
SM
MD
LG