Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:32

Бабанов: Ооруп бюллетенге чыккандарды текшерүү керек


Мамлекеттик салык инспекциясынын бүгүнкү жыйынына катышпаган жетекчилер жазуу түрүндө түшүндүрмө бериши керек. Мындай талапты жыйынга катышкан өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов койду. Ал оорудум деп бюллетенге чыгып алган мамлекеттик кызматкерлерге жасалма документ бергендерди аныктоону Каржы полициясына тапшырды. Эмгек тартибинин ушинтип бузулушуна жол берилбесин айтты. Быйыл салык жыйноочулар мамлекетке 37 миллиард 700 миллион сом чогултуп бериши керек. Эгер биринчи кварталдын жыйынтыгында бул талап аткарылбай жатканы аныкталса, тиешелүү мекемелердин башчылары кызматтан кетээрин эскертти. (RK)

XS
SM
MD
LG