Линктер

шейшемби, 27-июнь, 2017 Бишкек убактысы 08:19

Көлдөн Бишкекке маңзат ташыган топ кармалды


Маңзаттар боюнча көзөмөл кызматы Ысык-Көл облусунан Бишкекке жана Чүй облусуна ири өлчөмдө маңзат ташыган топту кармады. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат катчылыгы билдирди. Жалпысынан 50 килограммга жакын маңзат менен Бишкектен, Москва жана Жети-Өгүз райондорунан кармалган 5 киши убактылуу кармоочу жайга алынды. (RK)

XS
SM
MD
LG