Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:39

Бишкекте жер сатуудагы мыйзам бузуулар боюнча митинг өттү


Бүгүн Бишкек шаардык мэриясынын алдында 10 чакты киши катышкан митинг өттү. Анын уюштуруучуларынын бири, "Белор-Строй" жоопкерчилиги чектелген уюмдун бөлүм башчысы Бакыт Жумашевдин "Азаттыкка" билдиргенине караганда, шаардын муниципалдык менчик башкармалыгы ишкерлерге жер участокторун сатып, ижарага берүүдө коррупциялык амалдарга барууда. Мисалы, сатыкка коюлган жер боюнча сынактар жасалма мүнөзгө ээ. Себеби, ага чейин эле ал жер боюнча көмүскө чечим депутаттардын, мэрияда, прокуратурада иштеген таасирлүү аткаминерлердин пайдасына чыгарылып коюлган болот.

"Бишкектин көчөлөрүнүн бирине бала бакча салуу үчүн жер коюлган. Эң көп акча сунуштаган тарап сынактын жеңүүчүсү аталат. Биз ал үчүн жылына 1 миллион сом төлөгөнгө даярбыз. Бирок 160, 60 миң сом сунуштаган тараптардын айынан чечим али күнчө чыкпай келет. Себеби алар мэрия менен сүйлөшүп алышкан. Алардан шаар казынасына деле жыргаткан акча түшпөйт", - дейт Жумашев.

Шаар башкармалыгы болсо митингчилердин айткандарын негизсиз деп атоодо. "Мындай маселелер мыйзам чегинде, комиссия аркылуу чечилет. Былтыр ноябрда шаардагы жерлер боюнча сынактарга бейөкмөт уюмдар, көз каранды эмес байкоочулар катыша алат деген чечим чыккан", - деп билдирет мэриянын маалымат кызматы. (RK)

XS
SM
MD
LG