Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:06

Таласта аким шайлоого нааразылар митингге чыгышты


Бүгүн Талас облустук мамлекеттик администрациясынын алдында 60тай киши катышкан митинг өттү. Кабарчыбыздын билдиргенине караганда, анда район акимдерин шайлоо өнөктүгүнө нааразы сөздөр айтылды. Митингчилер район депутаттары мурдагы бийликтин тушунда жетекчи кызматтарда иштегендерди акимдикке шайлап койгонуна нааразы болушту. Алар менен облус губернатору Койсун Курманалиева жолугуп, шайлоо мыйзам талаптарына ылайык өтүп жатканын айтты. Жыйынтыгында митингчилердин атынан 4 кишиден турган делегация Бишкекке барып, талаптарды кат түрүндө тапшырып келмей болду. Өкмөттүн курамы жаңыланганына байланыштуу учурда Кыргызстандын баардык райондорунда аким шайлоо өтүп жатат. Өкмөт сунуштаган үч талапкердин бирөөнү тандоо - райондук кеңештин милдети. Таласта төрт район бар. Баарында тең акимдер жаңы шайланды. (MbA/RK)

XS
SM
MD
LG