Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:14

Румынияда премьер-министр кызматынан чегинди


Эмиль Бок кызматтан чегингенин мамлекеттик теле аркылуу жарыялап жатып, өз кадамын өлкөдөгү “саясий жана социалдык чыңалууну” жоюу деп түшүндүрдү. Премьер-министр кызматтан чегинүүгө өкмөттүн үнөмдөө чаралары бир катар нааразылык акцияларын жараткандан кийин барып жатат.

Эмиль Боктун айтымында, анын өкмөтү мындай кадамга эл каршы чыккан чечимдерге, каржы кризиси Евробиримдикке жайылган кезде румын экономикасын сактап калуу үчүн барды.

Өкмөттүн үнөмдөө чараларына каршы анча чоң эмес, бирок туруктуу нааразылык акциялары борбор Бухарестте жана башка шаарларда өткөн айда эки аптадан ашуунга созулган.

Румыниянын жаңы өкмөтүн ким курары азырынча белгисиз. (UE)

XS
SM
MD
LG