Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:22

Сирияда Хомс шаары кайрадан аткыланды


Хомстын Баба Амр району 5-февраль, жума күнү аткылангандан кийинки көрүнүш.
Хомстын Баба Амр району 5-февраль, жума күнү аткылангандан кийинки көрүнүш.
Бул тууралуу Сириянын борбордук бөлүгүндөгү бул шаардын тургундары жана активисттер билдирүүдө. Алардын айтымында, өкмөттүк күчтөрдүн тик учактан жана ракета менен атуусунан кеминде 12 адам мерт болуп, 150дөй киши жаракат алган.

Арабдардын спутниктик телеканалдары көргөзгөн тасмаларда жардыруулардын үнү угулуп, кээ бир имараттардан түтүн чыгып жатканы түшүрүлгөн.

Дүйшөмбү күнкү чабуулга чейин өткөн жума күнү Хомс танктардан жана артиллериядан аткыланганда 200дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылганы кабарланган.

Активисттердин айтымында, дүйшөмбү күнү борбор Дамасктан түндүк-батыш тарапта, Ливан менен чек арага жакын жайгашкан Забадани шаарчасы да аткыланган.

Бул аралыкта кеңсеси Лондондо жайгашкан уюм – Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы армиядан качкандар Идлиб провинциясында армиянын бекетине кол салып, үч офицерди мерт кылганын кабарлашты. Окуя болгон жер Түркия - Сирия чек арасына жакын жайгашкан. (UE)

XS
SM
MD
LG