Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:17

Орусия менен Кытай Сирия боюнча көз карашын коргоодо


Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Москвадагы пресс-конференцияда. 6-февраль, 2012-жыл.
Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Москвадагы пресс-конференцияда. 6-февраль, 2012-жыл.
Москва менен Бээжин БУУнун Коопсуздук кеңешинин Сириядагы кыянатчылыктарды токтотууга жана президент Башар Асадды бийликтен кетүүгө чакырган резолюциясына вето салганы үчүн эл аралык сынга кабылган эле.

Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров бүгүн Москвадагы пресс-конференцияда Батыштын ветого реакциясын “адепсиздик жана долулукка жакын” деп мүнөздөө менен буларды белгиледи:

- Авторлордун каалоосу режимди зордук-зомбулук аракеттерин токтотуугга мажбурлоо менен ал режим менен күрөшүп жаткан куралдуу топторго кандайдыр бир конкреттүү милдеттемелерди такпоодо жаткан. Мындай резолюция Коопсуздук кеңеши жарандык согуштун катышуучуларынын биринин тарабында турат дегенди билдирмек.

Орусия жана Кытай Коопсуздук кеңешинин он үч мүчөсү жана Араб лигасы колдогон чараларга 4-февралда вето салган.

Кытай тышкы иштер министрлиги бүгүн АКШнын Орусия менен Кытай Сирия режимин калкалап жатат деген айыптоосун четке кагып, Бээжин адилеттүүлүктү гана коргоп жатканын белгиледи.

Мурдараак АКШ Мамлекеттик катчысы ветону “комедия” деп атоо менен Москва менен Бээжинди “Дамасктагы мыкаачы режимди” колдоп жатат деп айыптаган.

Орусия эртең Дамаскка Тышкы чалгын кызматынын башчысы Михаил Фрадковду жөнөтүүдө. Тышкы иштер министрлигинин жарыясына караганда, ал президент Башар Асад менен жолугууда ага мунасага баруусу үчүн кысым жасайт. (UE)

XS
SM
MD
LG