Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:41

Европада сууктан каза тапкандардын саны өсүүдө


Варшавада үйсүздөргө шорпо таратылды. 2-февраль, 2012-жыл.
Варшавада үйсүздөргө шорпо таратылды. 2-февраль, 2012-жыл.
Украинада акыркы он күндө сууктан 135 адам каза тапканы ырасталды. Расмий өкүлдөр буга аракечтик да себеп болгонун билдиришүүдө. Польшада сууктан 62 адам, Венгрияда акыркы үч күндө он эки адам каза тапканы ырасталды.

Болгарияда нөшөрлөгөн жамгырдан улам дамба бузулуп, кыштакты каптаганда үч адам мерт болду.

Бийликтер Түштүк Болгариянын басымдуу бөлүгүндө өзгөчө абал киргизди жана дагы эки дамбанын бузулуу коркунучу бардыгын эскертишти. (UE)

XS
SM
MD
LG