Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:11

Кароосуз балдар борборундагы кырдаал өкмөттө каралат


Өкмөттүн маалымат саясаты бөлүмүнөн кабарлашкандай, бүгүн Бишкектеги кароосуз калган балдардын реабилитациялык борборундагы кырдаал боюнча жыйын өтөт. Ага вице-премьер-министр Гүлнара Асымбекова катышат.

Өткөн апта соңунда мэрияга караштуу билим берүү башкармалыгы атайын текшерүүдөн кийин аталган борбордо балдар зомбулуктун түрлөрүнө кириптер болуп жатканын айтып чыккан. Бирок муну бир катар укук коргоочулар борбордун директору Алексей Петрушевскийди каралоо менен жумуштан алуу аракети деп баалашкан болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG