Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:01

Жеңилдетилген насыялар бериле баштайт


Бул тууралуу кечээ, 6-февралда өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов өкмөттүн “Жеңилдетилген насыя-2” долбоорун талкуулаган жыйында билдирди. Ал дыйкандарга насыя квота принциби боюнча адилетүү бөлүнүшүн талап кылды. Ошондой эле жазгы талаа жумуштарына дизелдик отунду арзандатылган баада берүү караштырылып жатканы айтылды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат саясаты бөлүмүнөн кабарлашты.

Буга чейин айыл чарба жана мелиорация министри Сапарбек Тынаев насыя алуу үчүн дыйкандардан 4 гана документ - паспортунун көчүрмөсү, нике күбөлүгү, аялынын макулдугу, жер ээлигине укугу талап кылынаарын айткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG