Бүгүн Жогорку Кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук жана Социалдык саясат боюнча комитеттери радиоактивдүү көмүрдү республикага алып кирүү жана аны чыгаруу, ошондой эле калктын коопсуздугун камсыздоо маселелерин карашат. Буга байланыштуу башкы прокурордун орун басары Рыскул Бактыбаев жана саламаттыкты сактоо министри Дамира Сагынбаева маалымат беришет.
Былтыр сентябрда Бишкек ТЭЦине Казакстандын Кулан кенинен 8,5 миң тонна көмүр келген. Анын радиациялык фону нормадан 8-10 эсе жогору экени аныкталып, көмүр ошо бойдон ТЭЦке жагылган эмес. Бирок ошондой эле уу көмүр Чүйдүн айрым айылдарындагы мектептерге, карылар үйүнө жеткирилгенин, ал жакта адамдар ооруй баштаганын укук коргоочулар айтып жатышат. Айрым депутаттардын айтымында, уулуу көмүрдүн келиши - коррупциялык схемалардын кесепети. (КЕ)