Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:10

Ири базарда иштегендер медициналык кароодон өтүшөт


Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 7-февралдан 9-мартка чейин Бишкек шаарынын чоң базарларында иштегендер жана жаңы конуштарынын жашоочулары акысыз медициналык текшерүүдөн өткөрүлөт. Ооруну алдын алуу иш-чарасы көчмө медициналык кызматтын жардамы менен жүргүзүлмөкчү. Бригаданын курамында терапевт, педиатр, гинеколог, хирург дарыгерлери бар. Мындан тышкары жарандарды флюорография, электрокардиография жана ультрадабыш иликтөөдөн өткөрүү болжолдонууда.
Иш-чара бүгүн саат 10:00дө Ош базарында башталып, ага саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева жана Бишкектин вице-мэри Айгүл Усубакунова катышат. Бул иш-чара “Орто-Сай” базарында 9-феврал, “Аламүдүн” базарында 10-13-февралда, “Дордой” базарында 14-16-февралда уланмакчы. (КЕ)

XS
SM
MD
LG