Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

АКШнын 3 штатында бүгүн республикачылардын шайлоосу болот


АКШнын 3 штатында бүгүн Республикалык партиянын атынан президенттикке чыга турган талапкерди шайлоо (“праймериз”) өтөт. Флорида жана Невада штаттарындагы “праймеризден” кийин Масчусетс штатынын губернатору Митт Ромни лидерлигин бекемдеди. Элдин пикирин сурап билүүлөр көргөзгөндөй, бүгүн добуш бериле турган Колорадо, Миннесота жана Миссури штаттарында Ромнинин негизги атаандашы мурдагы сенатор, консерватор Рик Санторум болмокчу. Ал буга чейин Айова штатындагы шайлоону жеңген. Ноябрда демократ Барак Обама менен ат салышка ким чыгаарын республикачылардын жайкы курултайы чечет.

XS
SM
MD
LG