Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:09

Чүйдөгү уу көмүрдү Бишкекке ташуу иши уланууда


Чүйдө Казакстандан келген радиациялуу көмүрдү Бишкек ТЭЦине ташып жеткирүү иши уланууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов билдирди. Анын айтымында, Чүй районунун Чүй, Жаңы-Жол, Султан, Кегети, Алчалуу айылдарынан 34 тонна, Ысык-Ата районунун Серафимовка айылындагы карылар үйүнөн 23 тонна радиоактивдүү көмүр Бишкек шаарындагы “Жылуулук берүү ишканасынын” аймагына жеткирилди.

Казакстандын Кулан кенинен былтыр сентябрда сатылып алынган 8,5 миң тонна көмүрдүн радиациялык фону нормадан 8-10 эсе ашык экени аныкталган. Аны кайра Казакстанга жүктөп жиберишмек, бирок дагы эле бир да тонна көмүр кете элек. Уулуу көмүр жагылган жерлерде адамдар ооруй баштаганын укук коргоочулар айтып чыгышты. Анын Кыргызстанга келишине күнөөлүү деп темир жолдун 2 кызматкери жана дагы 2 бажы кызматкери соттолууда. Бирок айрым оппозициячыл депутаттар аларды эмес, өкмөт жетекчилигин жоопко тартыш керек деп жатышат. Премьер-министрдин маалымат кызматы Өмүрбек Бабановдун бул ишке тиешеси жоктугун билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG