Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:50

Кыргызстанда сасык тумоо күч алды


Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, январдын соңку аптасынан баштап Кыргызстанда сасык тумоо күчөдү. Жаңы жылдын 3-аптасында 6 239 оорулуу катталса, 4-аптасында 10 539 киши дарыгерге кайрылды. Өсүш 1,6 эсе болду. Ооругандар айрыкча Бишкекте көп. Сасык тумоого каршы эмдөө каалагандар үчүн 450, 600 жана 800 сомдон жүргүзүлүүдө. Саламаттыкты сактоо министрлиги мамлекеттик акчага сатып алган 21 миң доза вакцина эл менен иштеген медицина кызматкерлерине таратылып берилди. (RK)

XS
SM
MD
LG