Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:16

Грузия Кыргызстанды реформаны кечеңдетпөөгө үндөдү


Грузия парламентинин төрага орун басары Михаил Мачавариани Тбилисиде «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып, Кыргызстан укук коргоо, экономика, сот системасы багытындагы реформаларын кечеңдетпеши керектигин билдирди.

Кыргызстандын парламенттик делегациясынын курамында барган "Азаттыктын" кабарчысы Кубат Касымбеков менен маегинде вице-спикер реформаларды жүргүзүүнүн ыкмаларын издеп гана жүрө бербестен, аларды ишке ашыра башташ керектигин белгиледи:

«Грузияда реформаны баштаар алдында чечилиши керек болгон көп маселе бар эле. Маселен, полиция, саламаттыкты сактоо, билим берүү өңдүү тармактарын реформалоо зарыл болчу. Биз бул өзгөрүүлөрдү дароо баштоо керектигин, эл күтүп жатканын сездик. Менимче, Кыргызстан да бир тармактагы реформасын башташы керек. Күтүп отурганга караганда реформанын алгачкы кадамдары да элге пайда, ишеним алып келет»,-деди Мачавариани.

Ушул тапта Жогорку Кеңештин он депутаты президент Михаил Саакашвилинин чакыруусу менен Грузиядагы реформалар менен таанышууда. Алар парламенттин мүчөлөрү менен жолугушуп, тажрыйба алмашууда.

2004-жылдан тарта Грузия бир катар тармактарды реформалап, коррупциянын деңгээлин түшүрүүгө жетишкен. Бул өлкөдөгү революцияга чейин калктын полицияга болгон ишеними 10 пайыз гана болсо, азыр 90 пайызды түзөт. (KKs/RK)

XS
SM
MD
LG