Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:19

Ошто "Ак бата" акциясы өтүп жатат

Оштогу Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик китепканада “Ак бата” акциясы өтүп жатат. Аны шаардагы “Кыргыз куту” гезити уюштурду. Акциянын максаты – жаштарга батанын касиети, анын түрлөрү жөнүндө айтып, кыргыздын бул салтын келечек муунга кеңири түшүндүрүү. Гезиттин редактору Куштарбек Кимсановдун айтымында, иш-чарага аксакалдар, коомдук ишмерлер жана жаштар чакырылган. (SE)
XS
SM
MD
LG