Токиодо кыргыз-жапон мамилелеринин 20 жылдыгына арналган бир катар иш-чара өткөнүн Тышкы иштер министрлиги маалымдайт. Кыргызстандын Жапониядагы элчиси Рысбек Молдогазиев жана Токиодо иштеп жаткан кыргыз изилдөөчүлөр Кыргызстандагы азыркы абал, тарыхы, келечекке пландары тууралуу айтып беришти. Токионун борборунда жайгашкан Хибия музей жана китепканалар комплексинде Кыргызстандын сүрөттөрү көрсөтүлүп, тарыхы, маданияты жана музыкасы жөнүндө кеңири маалымат берилди. Кыргызстанда иштеп кеткен жапон ыктыярчылары токиолуктарга комуз, ооз комуз жана чопо чоордо ойноп, музыка тартуулашты. Мегуро районунда өткөн эл аралык фестивалда кыргыздын кийизден жасалган улуттук кийимдери, фото жана видеокөрсөтмө да жапондуктардын кызыгуусун жаратты.
Быйыл январда Кыргызстан менен Жапониянын ортосунда түзүлгөн дипломатиялык мамилелерге 20 жыл болду. (RK)
Быйыл январда Кыргызстан менен Жапониянын ортосунда түзүлгөн дипломатиялык мамилелерге 20 жыл болду. (RK)