Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:09

Лавров Сириянын президенти менен жолукту


Кабарларга караганда, Дамаскидеги жолугушууда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Башар ал-Асадга «арабдар тынч, ынтымакта жашаса, өздөрүнө эле огожо» деп айтты. Лавров ошондой эле ар бир мамлекет башчысы тийешелүү жоопкерчиликти өзүнө алышы керектигин кошумчалады.

Орусиялык расмий өкүлдөр Лавров Дамаскиде Асадга реформа жүргүзүүгө кысым көрсөтө тургандыгын айтышкан.

Анын аралыгында, Сириянын ички иштер министрлиги өлкөнүн борборундагы Хомс шаарындагы согуштук операция токтобой тургандыгын бышыктады.

Активисттер бул шаарда кечээки кагылыштарда 100 чакты карапайым тургун окко учканын билдиришти. Бул кабарды көз карандысыз булактан бышыктоо мүмкүн болгон жок.

Сириянын ички иштер министрлиги бул күнү алты коопсуздук кызматкери набыт болуп, 11 жараат алгандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG