Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:36

Бишкек жана Ош жөнүндөгү мыйзам долбоору талкууланды


Бүгүн Ошто "Бишкек жана Ош шаарлары жөнүндө" мыйзам долбоорун талкуулаган коомдук угуу болуп өттү. Аны "Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы" уюштурду. Талкууга өкмөттүн, парламенттин, эл аралык уюмдардын, Ош жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилиги катышты. Мыйзам долбоорунун автору, "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин билдиргенине караганда, экономикалык жактан өз алдынчалык жана мэриянын ыйгарым укуктары кеңейет. "Конституциялык саясат институту" уюмунун жетекчиси Нурлан Сыдыковдун пикиринде, борбордук жана жергиликтүү бийликтин ортосунда ыйгарым укуктарын бөлүштүрүү жагын кайра карап чыгыш керек. Шаардык кеңешке көбүрөөк укук берип, мэрия анын көзөмөлүндө болуш керектиги айтылды. (RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG