Кошмо Штаттары Сирия президенти Башар Асаддын саясий реформа өткөрүү убадасына күмөн саноо менен карайт. Мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы Виктория Нуланд Асад бир нече айдан бери убада берип келатканы менен кан төгүү токтобой жатат деди.
Дамаскта орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушууда Сирия президенти саясий реформаларга жана оппозиция менен диалогго даярдыгын айткан.
Ал тапта Европанын 6 өлкөсү АКШ жана Британияга кошулуп, Дамасктеги элчилерин чакыртып алышты.
4-февралда БУУнун Коопсуздук кеңешинде Сириядагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча резолюция долбоорун Россия менен Кытай четке кагып, Батыш жана Араб мамлекеттери аларды катуу сынга алышкан.