Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:25

Греция өкмөтү карыз боюнча жыйынды бүгүн өткөрөт


Грецияда коалиция лидерлери менен премьер Лукас Пападемостун жолугушуусу бүгүнкүгө калды. Алар карыз кризисине байланышкан маселелерди жана эл аралык кредиторлор койгон шарттарды талкуулашмак.
Кредиттин кезектеги бөлүгүн алуу үчүн Афины өкмөтү мамлекеттик чыгымдарды кыскартууга жана бюджетти үнөмдөөгө багытталган реформаларды жүргүзүү өңдүү шарттарды аткарууга тийиш. Европа Биримдиги менен Эл аралык валюта фондунун 130 миллиарддык кредити берилбесе, Греция мартта дефолт жарыялашы мүмкүн. Бюджеттик чыгымдарды үнөмдөө үчүн маяналарды азайтуу жана жумуш жерлерин кыскартуу каралган. Буга нааразы болгон кесиптик кошуундар кечээ иш таштоо өткөрүшкөн.

XS
SM
MD
LG