Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:52

Венгрия президенти жаңы конституцияны коргоду


Венгриянын президенти Виктор Орбан өлкөнүн жаңы конституциясына “сыймыктанаарын” жана анын дарегине айтылган сын ойлор орунсуз деп эсептээрин билдирди. Европа комиссиясы сот системасынын жана Борбордук банктын көз карандысыздыгынын жоюлушу демократиялык принциптерге шек келтирет деп сындаган. Орбандын айтымында, баш мыйзам өлкөнү евронун карыз кризисинен калкалап калууга жардам берет, аны сындагандар болсо Венгриянын рыногуна жана ресурстарына көз арткандар. Буга чейин премьер жаңы конституцияга өзгөртүү киргизүү мүмкүнчүлүгүн ишара кылган. Себеби өлкө экономикасы Европа Биримдиги менен Эл аралык валюта фондунун 20 миллиард евролук жардамына муктаж.

XS
SM
MD
LG