Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:46

Испаниялык абстракционист Антони Тапиес 88 жашында каза болду


Барселонада белгилүү каталониялык сүрөтчү, график жана айкелчи Антони Тапиес 88 жаш курагында дүйнө салды. Тапиес адегенде сюрреалисттерге таасирленип, кийин абстракттуу экспрессионизм жана “жупуну искусство” деген агымга ооп кеткен. Ал өз өлкөсүндө XX кылымдын экинчи жарымындагы авангарддын жана абстракционизмдин эң таанымал өкүлү болчу. Тапиестин сүрөттөрүн дүйнөдөгү чоң-чоң музейлерде көрсө болот. Анын кадимки эле таштандылардан жасалган композиция, сүрөттөрү өзгөчө кызыгуу жараткан.

2003-жылы маркум Испаниядагы сүрөтчүлөр үчүн эң жогорку сыйлыкка - Веласкес сыйлыгына ээ болгон. 2010-жылы падыша Хуан Карлос Биринчи ага маркиз деген наамды ыйгарган.

XS
SM
MD
LG