Аргентина Британиянын соңку кадамдарына байланыштуу БУУга арызданат. Бул тууралуу Аргентинанын президенти Кристина Фернандес де Киршнер билдирди. Анын айтымында, соңку кезде Британия “Түштүк Атлантиканы милитаризациялоого” киришти. Лондон жакында Фолкленд аралдары аймагына согуштук кеме жөнөтүү чечимин кабыл алган. Аргентина испанча Малвинс деп атаган аралдар үчүн уруштун 30 жылдыгы жакындаган чакта эки өлкөнүн дипломатиялык кайым айтышуусу күчөдү. 1982-жылы болгон кыска согушта британ аскерлери Аргентина армиясынын аралды ээлеп алуу аракеттерине туруштук берген. Лондон аралдын жашоочулары жактырмайынча, суверендүүлүк жөнүндө сөз болбойт деп айтып келатат.