Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:22

Казакстандын “Кулан” кени радиоактивдүү көмүрдү кайтарып алууга макул болду


Казакстандын “Кулан” кени радиоактивдүү деп тастыкталган көмүрдү кайтарып алууга жана анын чыгымдарын толук төлөп берүүгө макул болду. Бул тууралуу учурда Астанада жүргөн “Электр станциялар” акционердик коомунун башкы директору Аман Тентиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында эки тараптуу бул макулдашуунун негизинде Казакстандын тиешелүү кызматтарын макулдатуу жараяны жүрүп жатат. Кечээ Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министри Кубат Боронов Кулан кени уулуу көмүрүн кайтарып албаса Кара-Балта аймагына көмүлөөрүн билдирген. Укук коргоочулар буга жол берилбей тургандыгын эскертип жатышат.
Былтыр сентябрда Казакстандын Кулан кенинен сатылып алынган 8,5 миң тонна көмүр боюнча Кыргызстандын жана Казакстандын прокуратуралары кылмыш ишин козгоп, териштирип жатат. (BuS)

XS
SM
MD
LG