Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:31

Киши уурдады деген шек менен кыргызстандык эки адам Москвада кармалды


Москвада Орусиянын Кылмыш кодексинин Адам уурдоо, опузалоо беренелери боюнча кыргызстандык эки, орусиялык бир жаранга байланыштуу кылмыш иши козголуп, тергелип жатат. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматына караганда аларга кыргызстандык бир жаранды былтыр 28-ноябрда уурдап кетишкен жана аны кайтарып берүү үчүн жакындарынан 20 миң доллар талап кылышкан деген кине коюулууда. Жабыркаган тараптын 30-ноябрдангы кайрылуусунун негизинде шектүү саналган бир кыз, эки эркектин экөө 23-январда, үчүнчүсү 7-февралда кармалышты. (BuS)

XS
SM
MD
LG