Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:33

Кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча иш токтоп турат


Жогорку Кеңештин төрагасы Асилбек Жээнбеков Тажикстандын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Асомудин Саидовду кабыл алды.


Парламенттин маалымат кызматынын билдиргениине караганда, элчи эки өлкө ортосундагы ар кандай маселелерди чечүүдө парламенттер аралык байланышты мындан ары да бекемдөө зарылчылыгына токтолду.

«Кыргыз-тажик чек арасындагы талаш жер участоктору делимитация жана демаркация болгуча эки тарап тең курулуш иштерин жүргүзбөй турса жакшы болоор эле», - деди Асомудин Саидов.

Төрага Асилбек Жээнбеков чынында эле Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы чегара маселесин чечүүдө иш жылбай жатканын айтты.

«Кыргызстан талаш участокторду тактап чыгуу долбоорун иштеп чыгып, Тажикстан тарапка тапшырган. Андан бери үч жыл өттү, алигиче жообу жок. Ушул маселени тездетип чечип берсеңиздер делимитация жана демаркация иштери алдыга жылат эле», - деди Асилбек Жээнбеков.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара тилкесинин узундугу 971 чакырым, анын 471и тактала элек. (RK)


.

XS
SM
MD
LG