Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:23

БШК жергиликтүү кеңештерге шайлоо бюллетенинин үлгүсүн бекитти


Борбордук шайлоо комиссиясы 7-февралдагы кезектеги отурумунда жергиликтүү кеңештерге шайлоо бюллетенин бекитти. Ага ылайык шайлоо бюллетени үч формадан турат. Биринчиси жергиликтүү кеңештерге пропорционалдык тартипте шайлоого ылайыкташып, ага саясий партиялар менен шайлоочулар топторунун тизмеси жазылат. Экинчи форма можаритардык тартипте айыл кеңештерине депутаттарды шайлоого ылайыкташып, ага талапкердин гана аты-жөнү киргизилет. Ал эми район жана шаардык кеңештерге шайлоого ылайыкталган 3-формадагы бюллетенге саясий партиялардын гана тизмеси киргизилет.
БШКнын маалыматы боюнча 4-мартта боло турган Ош шаардык кеңешке шайлоого 8 саясий партиядан 696 талапкер, Каракол шаардык кеңешке 6 партиядан 983, Токмокто 6 партиядан 810 талапкер ат салышууда.
4-мартта аталган үч шаарда жана 13 аймакта жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. 3-февралдан бери үгүт иштери жүрүп жатат. (BuS)

XS
SM
MD
LG