Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:04

"Кристаллдагы" абалды ведомстволор аралык комиссия териштирет


Жогорку Кеңештин Экономика тармактарын өнүктүрүү боюнча комитетинде «Кристалл» акционердик коомунун базасында уюшулган чарбалык субъекттерде түзүлгөн кырдаал боюнча жана «Кристалл» АКсынын Таш-Көмүр заводунун «Таш-Көмүр Силикон продакшнз» жабык акционердик коомунун эмгек жааматынын кайрылуусу талкууланды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлайт.

Акционердик коомдун директору Аттокур Жетибаевдин айтымында, бүгүнкү күндө заводдун 400дөй жумушчусу аргасыз эс алууда. 2010-жылдагы окуялардан кийин каржылоо жоктугуна байланыштуу заводдун иши токтогон.

Комитет төрагасы Исхак Пирматовдун билдиргенине караганда, бул ишканада мамлекеттин эч кандай үлүшү жок жеке ишкана. Учурда заводдун айрым жабдыктары металлоломго айланып, сатылып жаткандыгы боюнча да каттар келип түшкөн.

Ишкана боюнча маселени өкмөттүн ведомстволор аралык комиссиясы териштирмей болду.(RK)

XS
SM
MD
LG