«Биз кеңеш берүү менен, конкреттүү жардамдарды көрсөтүү менен сиздерди колдоого даярбыз. Эки өлкө бири-бирин жоготуп албай, парламенттик, өкмөттүк деңгээлде байланыштар менен жаштар, коомдук топтор, бизнес тармактарында мамилелердин өнүгүшүн каалайбыз»,-деди Саакашвили.
Ушул тапта Жогорку Кеңештин он депутаты Грузиядагы реформалар менен таанышып жүрөт. (KKs)