Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:26

Электр авариядан көпчүлүк айылдар жарыксыз калышты


"Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ишканасынын Жалал-Абад аркылуу өткөн жогорку чыңалуудагы линиясында бүгүн таң эрте авария болду. Анын кесепетинен учурда Жалал-Абад, Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Талас облустарынын айрым айылдарында жана Бишкектин кээ бир райондорунда электр энергиясы жок. Бул тууралуу "Улуттук электр тармагы" акционердик коому билдирди. Авариянын кесепеттери жакынкы сааттарда жоюлуп, электр энергиясын берүү калыбына келээри айтылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG