Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

УКМК: MegaCom компаниясындагы коррупцияга жакын туугандар аралашкан


MegaCom уюлдук байланыш компаниясындагы коррупциялык схемага анын жетекчилигинин жакын туугандары аралаш болгон. Мындай билдирүүнү бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы кызматы таратты.

Билдирүүдө консалтинг тейлөөсү үчүн деп MegaCom 2 миллиондон ашык сом которгон "NGN Плюс" фирмасында MegaComдун баш директорунун кеңешчиси Алмаз Абековдун уулу Кубат Абеков иштээри, 66 миллион сом которулган "Новострой плюс" фирмасында MegaComдун каржы директору Алтынбек Аблабековдун бир тууганы Нурбек Аблабеков иштээри аныкталган. Ал эми 14 миллион сом которулган "NSI" компаниясында "Новострой плюстун" жетекчисинин жубайы, MegaComдун баш директорунун бир тууганы иштейт.

Жалпысынан 142 миллион сомдук зыян келтирди деген шек менен учурда MegaCom, башкача айтканда "Альфа Телеком" компаниясынын жетекчилигинен 3 киши тергөө камагында. (RK)

XS
SM
MD
LG