Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:33

Сокулукта алты окуучуну машина коюп кетти


Чүйдүн Сокулук районундагы Ново-Павловка айылында Mercedes унаасы алты окуучуну коюп кетти. Окуя 7-февралда №1 мектептин жанында болгонун "Азаттыкка" ИИМдин Жол коопсуздук башкармалыгынын маалымат кызматынын өкүлү Кылычбек Мурзалиев билдирди. Машинаны 21 жаштагы жигит уруксат документисиз айдап келаткан. Жабыркаган балдар Бишкектеги №3 ооруканага жеткирилген. Учурда алардын өмүрүнө коркунуч жок экенин дарыгерлер билдиришти. (RK)

XS
SM
MD
LG