Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:19

Казак президенти Германияда сапарда жүрөт


Бүгүн Берлинде Нурсултан Назарбаев немец канцлери Ангела Меркел менен сүйлөшүүсү күтүлүүдө.

Казак президентинин эки күнкү сапары учурунда эки өлкө ортосунда наркы
2 миллиард доллардан ашуун ишкер келишимдерге кол коюлары күтүлүүдө. Казак Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, эки тараптуу келишимдер чийки зат, өнөр-жай жана технология чөйрөлөрүн камтыйт.

Бул - казак президентинин Батыш өлкөсүнө Жаңы-Өзөн шаарындагы кан төгүүдөн кийинки алгачкы сапары.

Жаңы-Өзөндө социалдык талаптар менен чыккан мунайчылардын бир нече айга созулган нааразылык акциясы былтыр 16-декабрда кагылыш менен аяктап, полициянын огунан 16 адам каза тапкан.

Назарбаевдин өкмөтү бул окуяга байланыштуу оппозиция активисттерин камакка алганы үчүн да сынга алынууда.

Казакстандык кээ бир активисттер Назарбаевдин сапарына тушташ Берлинде пикет өткөрүшүп, президенттен алар мүнөздөгөндөй “саясий жүйөөсү бар камоолордун жаңы толкунун токтотууну” талап кылышты. (UE)

XS
SM
MD
LG