Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:58

Кытайда 7 килограмм болгон бала төрөлдү


Бээжиндеги “Тianjin Post” гезитинин жазганына караганда, салмагы 7 килограмм, 4 грамм келген бөбөк 4-февралда Кытайдын борбордук бөлүгүндө жарык дүйнөгө келген.

Чунь Чунь деген ысым ыйгарылган бөбөктүн жана анын 29 жаштагы энесинин саламаттыгы жакшы. Кабарларга караганда, Чунь Чунь азыркы Кытай мамлекети курулган 1949-жылдан бери төрөлгөн эң салмактуу бөбөк болушу мүмкүн.

Дүйнөлүк рекорддордун Гиннес китеби боюнча салмагы 10 килограмм 800 грамм келген наристе 1879-жылы АКШнын Огайо штатында төрөлгөн жана жарык дүйнөгө келгенден көп өтпөй чарчап калган. (UE)

XS
SM
MD
LG