Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:43

Бабанов: Уу көмүр боюнча күнөөм далилденсе кызматымдан кетем


Ушу тапта Жогорку Кеңеште Кыргызстанга Казакстандан ташылып келген уулуу көмүр боюнча талкуу жүрүп жатат. Өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов бул ишке тиешеси жок экенин билдирди. Бирок "Ата Журт" фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев анын сөздөрү калп деп айтты. Ташиевге жооп кайтарган премьер-министр Өмүрбек Бабанов:

"Мен күнөөлүү болсом, калп айтсам, премьер-министрликтен өз ыктыярым менен кеткенге даярмын. Эгер урматтуу Ташиев калп айтса, ал да депутаттык мандатынан баш тартсын", - деп билдирүү жасады.

Былтыр сентябрда Кыргызстанга Казакстандын Кулан кенинен келген көмүрдүн радиациялык фону нормадан 8-9 эсе жогору экени аныкталган. (RK)

XS
SM
MD
LG