Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:10

Зыян көмүр Кыргызстанга 2006-жылдан бери келип жатканы айтылууда


Уулуу көмүр Кыргызстанга биринчи жолу былтыр эмес, 2006-жылдан бери ташылып келаткан. Мындай маалымат ушу тапта парламентте жүрүп жаткан талкууда бир катар депутаттар тарабынан айтылды. Алардын пикиринде, "мурунку бийлик тушунда болуп келген коррупциялык схема кайра иштей баштады". Былтыр сентябрда Казакстандын Кулан кенинен ташылып келген көмүр радиациялуу экени аныкталган. Парламенттеги айрым оппозициялык күчтөр уулуу көмүрдүн келишине Кыргызстандын азыркы президенти жана премьер-министри күнөөлүү деп чыгышкан. Бүгүн бул маселе парламентте талкууланып жатат. Ага өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов катышууда. (RK)

XS
SM
MD
LG