Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:01

"Кумтөр оперейтинг" компаниясы иш таштоо боюнча сотко кайрылды


Кумтөр алтын кениндеги иш таштоо мыйзамсыз экенин аныкташ үчүн "Кумтөр оперейтинг" компаниясы сотко кайрылды. Бул тууралуу компаниянын маалымат кызматы кабарлады. Доо арыз Бишкектин Октябр райондук сотунда каралат. 7-февралдан тарта Кумтөрдо бир жарым миңдей киши иш таштады. Үзгүлтүккө учурашына уруксат берилбеген участоктордо гана иш уланууда. Коопсуздук камсыздалган. Иштөөдөн баш тарткандардын негизги талабы - Социалдык фондго 1993-жылдан 2010-жылга чейин төлөнбөй келаткан акчаны берүү же ошонун эсебинен айлыкты көбөйтүү.

Ишкананын маалымат кызматынын өкүлү Сергей Дедюхин "Азаттыкка" айтымында, компания Социалдык фондго баардык тиешелүү төлөмдөрдү мыйзам чегинде төлөп келатат. Буга ошол эле Соцфонддун жана көз каранды эмес аудиттин бүтүмдөрү далил экени айтылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG