Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:25

Уулуу көмүрдүн күлү кайра ташылып кетет же өлкө аймагына көмүлөт


Жогорку Кеңеште Казакстандан алынып келинген радиоактивдүү көмүр боюнча маселе каралууда. Парламенттин маалымат кызматынын билдиргенине караганда, Чүй облусунун губернатору Айбек Азыранкулов депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, 14 мектепте уулуу көмүр жагылбаганын, карылардын Серафимовкадагы жатак үйүндө жагылып кеткенин айтты. Депутат Гүлнара Жамгырчиева жагылып кеткен көмүрдү зыянсыздандырууга кызыкты. Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун билдиргенине караганда, жагылган көмүрдүн күлүн жоготууда эки жол каралууда. Ташып келген компания кайра Казакстанга көмүр менен кошо жүктөп кетет. Экинчиси - республика аймагындагы радиация таштандылары көмүлгөн жайларга алып барып, көмүү. (RK)

XS
SM
MD
LG