Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:11

Өзбекстанда улут аралык жаңжалга жол берилген жок


Чирчик шаарындагы Тынчтык монументи.
Чирчик шаарындагы Тынчтык монументи.

“Азаттык” үналгысынын өзбек редакциясынын маалыматына караганда, окуя эки апта мурда Чирчик шаарында болгон. Ал жерде өзбектер менен этникалык казактардын кагылышына жол берилген эмес.

Ал эми Казакстандын Өзбекстандагы элчилигинен “Азаттыкка” бул жаштардын турмуш-тиричилик деңгээлиндеги гана чатагы болгонун, ага тартылгандардын баары Өзбекстандын жарандары экендигин айтышты.

Маалыматтарга караганда, жаштар казактарды кемсинткен ырдан улам мушташа кетишкен. Чыңалган абал беш күнгө созулган. Бирок жергиликтүү полиция кагылышты алдын алган.

Чирчик шаары Ташкент облусунун аймагында жайгашкан. Шаарда өзбектер, казактар, тажиктер, орустар, корейлер жашайт. Шаардын 150 миң тургунунун 40 пайыздайын этникалык казактар түзөт. (UE)

XS
SM
MD
LG